Вашингтондо КРдин Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар жылдык эки тараптуу консультациялардын 5-жыйынын ийгиликтүү өткөрүштү

2023-жылдын 30-мартында Вашингтондо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар жылдык эки тараптуу консультациялардын бешинчи жыйынын ийгиликтүү өткөрүштү.

Жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консультациялардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын делегациялары саясат, коопсуздук, экономиканы диверсификациялоо жана мыйзам үстөмдүгү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулап, ошондой эле эки тараптуу жана аймактык максаттарга жетүү үчүн келечектүү багыттарын аныкташты.

Тактап айтканда, АКШ Борбордук Азиядагы тынчтыктын жана коопсуздуктун негизги факторлорунун бири катары эл аралык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын аракеттерин кубаттады. Жолугушуунун катышуучулары эки өлкөнүн жарандары үчүн визаларды берүү процессин жөнөкөйлөтүү жана алардын жарактуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, тараптар мындан ары америкалыке инвестицияларды тартуу,  Кыргызстандын экспортун АКШнын рыногуна жылдыруу, туризм тармагында кызматташуу, англис тили боюнча программаларды жайылтуу жолдорун карашты.

Консультациялардын жыйынтыгында эки тарап жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консультациялардын кезектеги раундун Бишкекте өткөрүү ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK