Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 2022-2025-жылдарга карата Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн программасына кол коюу аземине катышты

2021-жылдын 24-ноябрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 2022-2025-жылдарга карата Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн программасына кол коюу аземине катышты.

Иш-чарага ошондой эле БУУнун Венадагы кеңсесинин башчысы, БУУ БКБнын аткаруучу директору Гада Вали, ошондой эле Өзбекстандын тышкы иштер министри жана Казакстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын орун басарлары катышты.

Өз сөзүндө БУУ БКБнын Аткаруучу директору Гада Вали глобалдык COVID-19 пандемиясы дүйнөдөгү кыймылга тоскоолдук кылып, Афганистандагы кырдаал эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн олуттуу чакырык болуп турган өтө маанилүү учурда Программага кол коюлуп жатканын белгиледи. Жаңы Программа уюшкан кылмыштуулук жана баңгизаттарды колдонуу, коррупция, киберкылмыштуулук жана терроризм коркунучтарынан корголгон жана коопсуз Борбордук Азия аймагын түзүүгө багытталган.

А.Мадмаров өз сөзүндө жаңы Программанын кабыл алынышын кубаттап, мурунку Программа өзүнүн натыйжалуулугун иш жүзүндө көрсөткөнүн белгиледи. Ал глобалдык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө, ошондой эле жаңы тенденция – киберкылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган БУУ БКБнын 2021-2025-жылдарга Глобалдык стратегиясынын негизги ролуна көңүл бурду. Коррупциянын алдын алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты жана негизги багыттарынын бири болуп санала тургандыгын билдирди. Шарм-Эль-Шейхте өтө турган БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына мүчө мамлекеттердин тараптарынын Конференциясынын алдыдагы 9-сессиясын, ошондой эле БУУ БКБнын  GlobeNetwork жаңы демилгесин кубаттады.

А.Мадмаров «Трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана терроризмдин алдын алуу» 1-кичи программасынын алкагында 2019-жылдан бери Кыргызстанда БУУ БКБнын «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мобилдик оперативдүү топторунун потенциалын чыңдоо» долбоору ишке ашырылып жатканын билдирди.

Ал аймактагы коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган Программанын глобалдык максаттарын эске алуу менен, кыргыз тараптын пикиринде, бул долбоорду ишке ашыруунун кезектеги кадамы болуп Кыргызстанда анын ишмердүүлүгү бүтүндөй Борбордук Азияны камтый турган операторлорду окутуу жана УУАларды колдонуу боюнча аймактык борбордун ачылышы саналат деген оюн билдирди. БУУ БКБнын жогорудагы долбоору трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңги аткезчилиги жана терроризм менен натыйжалуу күрөшүүгө, ошондой эле Борбордук Азияда гана эмес, бүткүл Азия чөлкөмүндө ведомстволор аралык жана чек аралар аралык кызматташтыкты андан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге, иш-чаранын алкагында А.Мадмаров Кыргызстандагы БУУ БКБнын долбоордук ишмердүүлүгү талкуулоо максатында Аткаруучу директор Г.Вали менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен, өзгөрүп жаткан дүйнө жана COVID-19 пандемиясынын өнүгүү шартында киберкоопсуздукту бекемдөөгө, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү жаатында долбоорлорду өнүктүрүүгө чакырды.

Бул контекстте Г.Вали GlobеNetwork демилгесине кошулууну суранып, БУУ БКБ мындан ары да укук коргоо органдарына баңгизат менен күрөшүүдө, чек араларды бекемдөөдө, терроризмге жана арам акчаны адалдоого каршы турууда колдоо көрсөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Ошондой эле тараптар УУАларды баңги заттарга каршы күрөшүү максатында гана эмес, терроризмге каршы күрөшүүдө, биологиялык ресурстарды колдонууга мониторинг жүргүзүүдө, издөө операцияларын өткөрүүдө да колдонуунун эбегейсиз зор потенциалын көрсөткөн практикалык иш-чаралардын жана тренингдердин жыйынтыгы боюнча УУАларды колдонуунун келечектүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өз кезегинде Г.Вали кыргыз тараптын операторлорду даярдоо жана УУАларды колдонуу боюнча регионалдык борбор түзүү демилгесине оң баа берди. Жогорудагы долбоорду түзүү үчүн биргелешип ресурстарды мобилизациялоо зарылчылыгы тууралуу пикирин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK