КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова БУУнун Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Туруктуу координатору Кристин Антье Граве жана ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту

2022-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова БУУнун Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Туруктуу координатору Кристин Антье Граве жана ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташуунун жалпы маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары Д.Кемелова кыргыз тарап тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Тактап айтканда, Д.Кемелова 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгын жарыялоо демилгесин илгерилетүү сыяктуу жаңы демилгелерди илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ушуга байланыштуу ал 2022-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында аталган демилгелерди колдоо боюнча өлкө жетекчилигинин катышуусунда ар кандай иш-чаралар өткөрүлөрүн билдирди.

БУУнун Туруктуу координатору Кристин Антье Граве эл аралык күн тартибинин алкагында тоо маселелерин илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын ишмердүүлүгүн оң баалады жана жогоруда аталган демилгелерди ишке ашырууда БУУ Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен да 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгы кабыл алынгандан кийин аны жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK