Министр Руслан Казакбаев Сербиянын тышкы иштер министри Никола Селакович менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

2021-жылдын 2-декабрында Стокгольм шаарында ЕККУнун министрлер кеңешинин алкагында министр Руслан Казакбаев Сербиянын тышкы иштер министри Никола Селакович менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Министр Н.Селакович эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү максатында 2022-жылы Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө даяр экендигин билдирди. Өз кезегинде министр Р.Казакбаев өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ар кандай макулдашуулардын долбоорлорун, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Сербиянын ортосундагы 2022-2025-жылдарга кызматташуу боюнча Жол картасынын долбоорун серб тараптын кароосуна берди.

Тараптар ошондой эле экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде аймакта ишке ашырылып жаткан транспорттук долбоорлорду эске алуу менен өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Көп тараптуу платформаларда түзүлгөн өз ара аракеттенүүнүн алкагында серб тарап Кыргыз Республикасынын эл аралык демилгелерин колдоду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK