Эл аралык түрк маданият уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Д.Касейнов Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилигинин имаратында Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи К.Өмүралиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

2020-жылдын 15-сентябрында Эл аралык түрк маданият уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Д.Касейнов Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилигинин имаратында Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи К.Өмүралиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Башкы катчы Д.Касейнов Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган медалды тапшырып жатып, Элчи К.Өмүралиевдин элдик жазуучуну популяризациялоодо кошкон салымын өзгөчө белгилеп, Беларусияда Элчи болуп турганда Минск шаарында парктын ачылышын, ошондой эле Анкара шаарында жазуучунун урматына эстелик орнотулганын айтып өттү.

ТҮРКСОЙ уюмунун Башчысы Элчи К.Өмүралиевге түрк тилдүү мамлекеттердин маданият жаатындагы байланыштарын өнүктүрүүдө жана чыңдоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы ийгиликтерди, ден-соолук жана узак өмүр каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK