Кёнгидо провинциясынын Өрткө каршы күрөшүү кызматы Кыргызстанга 4 тез жардам унаасын жана жана медициналык кызматкерлер үчүн атайын жабдууларды тапшырды

2022-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен Корея Республикасынын Өрткө каршы улуттук агенттигинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде, Элчи А.Исмаилова Кыргызстанга Кёнгидо провинциясынын Өрткө каршы күрөшүү кызматынан 4 тез жардам унаасын жана медициналык кызматкерлер үчүн атайын жабдууларды тапшыруу аземине катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Элчиси өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү үчүн техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча Кореянын Өрткө каршы кызматынын алдыңкы тажрыйбасын жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча заманбап технологиялардын бар экендигин эске алуу менен, өрт коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерин даярдоо боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Кёнгидо провинциясынын Өрткө каршы кызматынын Эсеп бөлүмүнүн башчысы Ким Сёнву мырза Корея тарап Кыргызстандын Өрткө каршы кызматы менен кызматташууну тереңдетүүгө ниеттенип жатканын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери үчүн заманбап өрт өчүрүүчү жана тез жардам унааларын колдонуу боюнча окууларды уюштуруу ниетин белгиледи. Ал көрсөтүлгөн техникалык жардам Кыргыз Республикасына бекер жеткириле турганын билдирди.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен 2021-жылы Кореянын Өрткө каршы кызматы тарабынан 2 тез жардам унаасы жана 2 өрт өчүрүүчү унаа КР ӨКМне тапшырылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK