Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү

2019-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өткөрүлдү.

Иш-чарагаТүркиянын Жаштар жана спорт Министри М.Касапоглу, Түркиянын Президентинин Башкы кеңешчиси Я.Топчу, Кыргызстан менен Түркиянын достугунун Парламенттер аралык  тобунун башчысы С.Ѳзтюрк башында турган Түркия Парламентинин мүчөлөрү, ТИКАнын Президенти С.Каялар, Түркиянын Маданият жана туризм министринин орун басары С.Чам, Анкара шаарында аккредиттелген Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери, башка шаарлардын жетекчилери, Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелеринин, бизнес түзүмдөрдүн жетекчилери, кыргыз студенттери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Омуралиев жана Түркиянын Жаштар жана спорт министри М.Касапоглу куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.

Элчи K.Омуралиев өз сөзүндө эки тараптуу кызматташтыктын динамикасын, ошондой эле учурдагы эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде, Түркиянын Жаштар жана спорт министри М.Касапоглу Кыргызстан өз көз карандысыздыгын алган күндөн тартып ушул күнгө чейин Түркия боордош мамлекеттин демократиялык жана экономикалык жактан өнүгүүсүнѳ колдоо кѳрсѳтүп жаткандыгын билдирди.

Иш-чаранын алкагында келген конокторго кыргыз жаратылышынын сүрөттѳрү сунушталды, ошондой эле Кыргызстан тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK