КР ТИМ Башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Женева шаарындагы бөлүмүнүн Башкы директору менен жолугушту

2019-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Женева шаарындагы бөлүмүнүн Башкы директору Татьяна Валовая менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ч.Айдарбеков Т.Валоваяны жаңы кызматы менен куттуктап, БУУнун жана анын Женевадагы бөлүмүнүн  учурдагы күн тартибинин алкагындагы кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын  талкуулады.

Министр Кыргызстан дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган түрдүү демилгелерди көтөрүү менен, ар дайым эл аралык турмуштун жоопкерчиликтүү жана жигердүү катышуучусу болуп келгендигин өзгөчө белгиледи. Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу маселесине артыкчылыктуу маани берээри баса белгиленди, ал максаттар БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн күн тартибинде негизги болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, Министр Ч.Айдарбеков Кыргызстандын Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын илгерилетүүдө өз-ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле  дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздуктун учурдагы чакырыктарын чечүүсүнө кызыкдар экендигин баса белгидеди.

Тараптар Кыргызстандын БУУнун Женевадагы бөлүмү менен, тактап айтканда Адам укуктары боюнча кеңештин жана куралсыздандыруу боюнча БУУнун конференциясынын линиясы боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн келечегин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK