Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Парилья  менен жолугушту

2021-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын аянтчасында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Парилья  менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-куба мамилелеринин тарыхын позитивдүү белгилешти, ошондой эле аларды мындан ары активдештирүүгө даяр экендигин ырасташты. Бул максатка жетүү үчүн министр Казакбаев бир катар кызматташуу жөнүндө келишимдердин долбоорлорун куба тарабынын кароосуна киргизди.

Тараптар ошондой эле Кубанын ЕАЭБге байкоочу мамлекет катары кирүүсүн эске алуу менен, өлкөлөрдүн ортосундагы соода мамилелерин куруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын биргеликте белгилөө, аларды андан ары бекемдөө боюнча жол картасын иштеп чыгуу пландары талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK