Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайра дайындалган Элчиси Н.Удовиченкону кабыл алды.

2019-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайра дайындалган Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Ч.Айдарбеков Н.Удовиченкону Кыргыз Республикасында дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоо маселелери, иш сапардын алкагында  кыргыз-россия региондор аралык конференциясынын 8- жыйынын өткөрүү, ошондой эле жалпысынан мамлекеттер аралык  кызматташуунун күн тартиби  талкууланды.  Тараптар 2019-жылдын 1-мартында Бишкек шаарында болуп өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык  кыргыз-россия 21-жыйынынын оң жыйынтыктарын белгилешти.  

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK