Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 46-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жыйынына (сегментине) катышты

2021-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 46-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жыйынына (сегментине) катышты. Министр Р.Казакбаев ѳз сөзүндө, Кыргызстанда болуп ѳткѳн демократиялык президенттик шайлоо, өлкөдөгү адам укуктары жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын келечеги жөнүндө дүйнө коомчулугуна маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри өз кайрылуусунда Кыргызстандагы мамлекеттик саясаттын төмөнкү артыкчылыктуу багыттарын белгиледи: конституциялык реформаларды жүргүзүү; коррупцияга, кылмышкерлерге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү; сот жана укук коргоо тармагын реформалоо; кылмыш-жаза мыйзамдарын гуманизациялоо. Бул контекстте Министр мындай ыкма укуктардын үстөмдүгү, мыйзамдуулуктун жана тартиптин, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоонун, алдыга жылдыруунун принциптерин камтыган жана сөз эркиндигин сакталган жаңы кыргыз коомунун түптөлүшү үчүн бекем негиз түзөрүнө ишенимин билдирди. Тышкы иштер министри Кыргызстан адам укуктарын урматтаган жана коргогон өлкө катары өз ыйгарым укуктарын мындан ары дагы бекемдөөгө умтулгандыгын, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерин ар дайым аткарууга умтулуп жаткандыгын баса белгиледи.   

Ушул контекстте министр Кыргызстан адам укуктарын жана эркиндиктерин өнүктүрүүгө, анын ичинде бардык категориядагы адам укуктарын коргоодо жогорку деңгээлге жетүүгө багытталган комплекстүү стратегияларды жана иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жигердүү иштерди баштагандыгын белгиледи.

Өлкөдѳ адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана сактоону жактагандыгын ырастап, Министр Р.Казакбаев 2023-2025-жылдардын аралыгында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын талапкерлиги көрсөтүлгөндүн дүйнө коомчулугуна эскертти.

Маалымат үчүн: БУУнун Адам Укуктары боюнча Кеңеши 2006-жылдын 15-мартында түзүлгөн. Адам Укуктары боюнча Кеңеш 47 мамлекеттен турат жана адам укуктары жаатындагы маселелер менен кырдаалдарды жыл бою талкуулоочу форум болуп саналат. БУУнун Адам Укуктары боюнча Кеңешинин Жогорку деңгээлдеги жыйынына (сегментине) мамлекет жетекчилери, өкмөт башчылары, министрликтердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK