Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кувейт Мамлекетинин тышкы иштер министри Ахмед Насер Аль-Сабах менен жолугушту

2021-жылдын 24-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кувейт Мамлекетинин тышкы иштер министри Ахмед Насер Аль-Сабах менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты жана өз ара  кызыгуу жараткан бардык багыттарда эки тараптуу кызматташтыкты активизациялоо боюнча "жол картасын" даярдоо жана ишке ашыруу пландарын белгилешти.

Кыргызстан менен Кувейттин тышкы иштер министрлери жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кувейтке болгон сапарын баса белгилешти.

Тараптар ушул жылдын июнь айында Бишкек менен Эль-Кувейттин ортосунда түз аба каттамдары ачылганын канааттануу менен белгилешти.

Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү контекстинде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү, Тышкы иштер министрликтер  аралык консультацияларды өткөрүүнү жана айыл чарба жана саламаттык сактоо жаатында келишимдерге кол коюуну сунуштады. Өз кезегинде Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин башчысы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн региондун транспорттук-логистикалык дараметин пайдалануунун зарылдыгы тууралуу пикирин билдирди.

Тараптар Афганстандагы кырдаалды да талкуулашты, тынч, коопсуз жана туруктуу Афганистанды куруу боюнча жалпы көз караштарын белгилешти.

Кувейттин тышкы иштер министри Кыргызстандын тышкы иштер министрин Кувейтке расмий сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK