Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордук Азия боюнча сапарынын алкагында Ташкенттен Кыргыз Республикасына келген Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф менен жолугушту

2021-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордук Азия боюнча сапарынын алкагында Ташкенттен Кыргыз Республикасына келген Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф менен жолугушту.

Болуп өткөн кыргыз-иран саясий консультациялардын жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев иран тарабынын 2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөгөн оор мезгилде өлкөгө бир нече жолу гуманитардык жардам көрсөткөндүгүн,  Ирандагы кыргыз жүк ташуучуларына чек аранын жабылышына байланыштуу жардам бергендигин, ошондой эле Ош шаарындагы «Кыргыз-иран достугу» спорт комплексинин курулушуна каржылык грант бөлгөндүгүн жогору баалады.

Министр ирандык кесиптешине Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана билим берүү жаатындагы социалдык маанилүү долбоорлорун өлкөнүн ар кайсы региондорунда ишке ашырууну сунуш кылды. Ал Ирандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүн айыл чарба, фармацевтика, кайра иштетүүчү өнөр жай жана энергетиканы өнүктүрүү тармактарын жигердүү инвестициялоого чакырды.

Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри М.Дж.Зариф өз кезегинде, транспорттук байланыштарды, анын ичинде мамлекеттер ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү аркылуу Кыргызстан менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү зарылдыгына макул болуп, бул соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу кызматташуусунун,   регионалдык коопсуздук жана Афганстандагы кырдаал,  экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү маселелерин, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги башка маселелерди талкуулашты. 

Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрин Иранга расмий иш-сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK