Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары, Тышкы иштер министри Ивица Дачичтин тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү болуп өттү

2023-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары, Тышкы иштер министри Ивица Дачичтин тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-серб кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, аны бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти. Тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу саясий консультацияларды кайра жандандыруу жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу саясий кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташтыкты чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, министр Кулубаев биргелешкен кызматташуунун келечектүү багыттарын - айыл чарба, туризм, гидроэнергетика, автомобиль жана кайра иштетүү өнөр жайы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, «жашыл экономикага» өтүү жана башкаларды белгиледи.

Өз кезегинде И.Дачич Кыргызстан менен Сербия достук мамиледеги өлкөлөр экенин белгилеп, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактары менен бирге, эки тарапты тең кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө практикалык кызматташууга өтүү зарылдыгын белгиледи.

Жарандардын эркин өз ара саякаттоосу жана эки өлкөдө туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жаткан эки өлкөнүн ортосунда визасыз режимдин бар экендигин тышкы саясат ведомстволорунун башчылары канааттануу менен белгилешти.

Ошону менен бирге тараптар аймактык күн тартибин талкуулап, учурдагы коркунучтарды жана чакырыктарды белгилешти.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Сербиянын тышкы иштер министрлери басма сөзгө билдирүү жасашып, Кыргызстан менен Сербиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык Программасына жана Казы Дикамбаев атындагы КР ТИМнин Дипломатиялык академиясы жана  Сербиянын ТИМнин Дипломатиялык академиясы ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Эки тараптуу диалогду улантуу максатында Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары, Тышкы иштер министри Ивица Дачич Министр Жээнбек Кулубаевди Сербия Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK