2019-жылдын 6-майында Индиянын Жарандык авиация Министрлигинде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Асеин Исаевдин Индиянын Жарандык авиация Министри, ошол эле убакта Индиянын соода жана өнөр жай Министри Суреш Прабху менен жолугушуусу өттү

2019-жылдын 6-майында Индиянын Жарандык авиация Министрлигинде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Асеин Исаевдин Индиянын Жарандык авиация Министри, ошол эле убакта Индиянын соода жана өнөр жай Министри Суреш Прабху менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана туристтик, ишкердик, маданият жана гуманитардык мүнөздөгү өз ара каттамдар көбөйгөнүн эске алуу менен, эки өлкө ортосундагы кошумча рейс ачуу маселесин талкуулашты.

Тараптар аба каттамды ачуу, анын ичинде индиялык авиакомпанияларды тартууга кыргыз тараптан жеңилдетүү тутумун түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Ошондой эле, Элчи А.Исаев менен Министр С.Прабху соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, Индия рыногуна Кыргыз азыктарын чыгаруу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты. Индиянын соода жана өнөр жай Министрлигинин кароосуна кыргызстандык кургатылган жемиштери, балы жана сары майы сунушталды.

Жолугушуунун аягында тараптар аба каттамын ачуу жана Индиянын рыногуна Кыргыз Республикасынын продукциясын чыгаруу боюнча суроолорун иштеп чыгуу үчүн жооптуу кызматкерлердин деңгээлинде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү чечимине келишти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK