Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Катар Мамлекетинин Доха шаарында жергиликтүү жетекчиликтин жардамы менен 9-май Жеңиш майрамына карата биринчи жолу “өлбөс полк” маршы уюштурулду

Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Катар Мамлекетинин Доха шаарында жергиликтүү жетекчиликтин жардамы менен 9-май Жеңиш майрамына карата биринчи жолу “өлбөс полк” маршы уюштурулду.

Аталган маршта КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, анын ичинде Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн диаспора өкүлдөрү катышты.

Ондогон Кыргызстандын өкүлдөрү Кыргызстандык Советтер Союзунун баатырларынын жана Улуу Ата-Мекендик согушуна катышкан аталарынын портреттерин маршта көтөрүп өтүштү.

Иш-чаранын алкагында майрамдык концерт уюштурулуп, анын алкагында Улуу Ата-Мекендик согушка байланыштуу атактуу ырлар жана музыка коюлду.

“Өлбөс полк” маршынын катышуучулары Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 75-жылдыгын белгилөө үчүн Катар Мамлекетинде иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүүнү макулдашышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK