Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу Өкүлү Д.Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары М.Бачелет айым менен жолугушту

2021-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу Өкүлү Д.Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары М.Бачелет айым менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Туруктуу Өкүлү Д.Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары М.Бачелетке ушул жылдын 28-30-апрелинде болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жана Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал жөнүндө кеңири маалымат берди.
Туруктуу Өкүл Д.Мукашев кагылышуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын 36 жараны каза болгондугун,  алардын басымдуу көпчүлүгү карапайым эл , анын ичинде эки бала (5 жана 12 жашта) жана 160 адам жаракат алганы жөнүндө маалымдады. 30 миңге жакын адам жашаган жерлерин таштап кетүүгө аргасыз болушту; турак үйлөр, билим берүү мекемелеринин имараттары, өлкөнүн инфраструктуралык объектилери кыйрады.
Мында, Туруктуу Өкүл Д.Мукашев
 кыргыз тарап эч качан чек ара маселелерин аскер каражаттары менен чечүүнү жактабай келгендигин жана талаш маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууну ар дайым биринчи орунга койорун өзгөчө белгиледи.
Өз кезегинде Жогорку Комиссар М.Бачелет Кыргызстандын жарандык калкынын арасында курман болгондорго байланыштуу терең кайгыруусун билдирди. 
Ал БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгы (АУЖКБ) кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды башынан бери кылдаттык менен байкап келе жаткандыгын билдирди. Бул контекстте  М.Бачелет Кыргызстандын Өкмөтүнүн чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана чыр-чатактын андан ары курчуп кетишине жол бербөө боюнча аракеттерин кубаттады, ошондой эле кыргыз тарапты АУЖКБ эки мамлекеттин чек арасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүп турарына ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK