Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Эл аралык эмгек уюмунун колдоосунда Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата иш-чара өткөрдү

2021-жылдын 23-февралында, Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн жана Эл аралык эмгек уюмунун Нью-Йорк шаарындагы кеңсесинин демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата «Санарип экономикада социалдык адилеттүүлүккө чакыруу» аттуу темада иш-чара өткөрүлүп, анын алкагында Эл аралык эмгек уюмунун 2021-жылга иш менен камсыз кылуу жана социалдык чөйрөнү карап чыгуу боюнча отчетун презентация болуп өттү.

Иш-чарага Эл аралык эмгек уюмунун башкы директору Гай Райдер, БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин төрагасы - Пакистандын БУУдагы туруктуу өкүлү Мунир Акрам, Европа Биримдигинин БУУдагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Олоф Скугг жана Адам укуктары боюнча жогорку комиссардын кеңсесинин директору Крейг Мокхаймер катышты. Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы К.Адиев жана Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева катышты. Иш-чарага БУУнун мүчө-мамлекеттеринин жана институттарынын өкүлдөрү, ошондой эле окумуштуулар катышты.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева кириш сөзүндө социалдык адилеттүүлүккө жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жетишкендиктерин пайдалануунун маанисин белгиледи. Ошол эле учурда, ал БУУнун мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы, мамлекеттердин жана коомдордун ичиндеги санариптик ажырымды жоюу боюнча кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал 20-февралды Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүктүн күнү деп жарыялоо демилгеси Кыргыз Республикасына таандык экендигин жана аны БУУнун мүчө-мамлекеттеринин көпчүлүгү колдогонун баса белгиледи. Андан кийин сөз Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиевге берилди, ал өз ведомствосунун ишмердүүлүгүнүн өлкө калкын социалдык жактан коргоо маселелерин илгерилетүүдө жана буга чейин кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерин кармангандыгын белгилеп өттү.

Иш-чаранын катышуучулары санариптик ажырымды жоюу, экономиканы санариптештирүү мезгилинде жана коронавирус эпидемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн, социалдык адилеттүүлүктүн негизги принциптерин сактоо үчүн БУУнун мүчө-мамлекеттердин, негизги эл аралык уюмдардын жана бардык кызыкдар тараптардын кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле катышуучулардын көпчүлүгү бул маселелерди илгерилетүүдө Кыргыз Республикасынын башкы ролдорунун бири экендигин белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK