Туруктуу өкүл Аида Касымалиева өлкөнүн тоо боюнча күн тартибинде демилгелерин алдыга жылдыруу максатында БУУӨПтүн Администратору Ахим Штайнер менен жолугушуу өткөрдү

2023-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Ахим Штайнер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен БУУӨПтүн ортосундагы экология жана климат, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери талкууланып, БУУӨПтүн ар түрдүү тармактарда көрсөткөн туруктуу колдоосуна ыраазычылык билдирилди.

Тоо боюнча күн тартибинде өлкөнүн эл аралык демилгелерине өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, Туруктуу өкүл Аида Касымалиева 2022-жылдын декабрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын кабыл алганды жана 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер деп жарыяланганы тууралуу маалымат берди. Ушуга байланыштуу бул резолюциянын иш жүзүндө ишке ашырууга катышууну суранды.

Өз кезегинде Ахим Штайнер Кыргыз Республикасына тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгүн колдоо жана көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар ийгиликтүү иш каалап, мындан аркы жемиштүү кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK