Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун брифингине катышты

2022-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун брифингине катышты.

Брифинг Борбордук Азияда терроризмге каршы күрөшүүдө БУУ тарабынан аткарылган иштер жөнүндө маалымат берүүгө, ошондой эле кызматташтыктын жаңы демилгелерин талкуулоого жана терроризмге каршы күрөшүү үчүн каражат чогултууга жана Борбордук аймакта экстремизмге жол бербөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө мүмкүндүк берди.

Аида Касымалиева терроризмге каршы күрөшүү боюнча улуттук, аймактык жана эл аралык күч-аракеттерди бекемдөө үчүн уникалдуу глобалдык документ болгон БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруунун, ошондой эле Борбордук Азия боюнча жаңыланган Биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу Биргелешкен планды ишке ашыруу боюнча БУУнун түзүмдөрү менен тыгыз координациялоодо Кыргызстандын даярдыгы ырасталды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK