Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева онлайн режиминдеги иш-чарага катышып, ЭКОСОСтун Өнүктүрүү каржылоо форумунда "Коронавирустун туруктуу калыбына келтирилишин каржылоо" аттуу баяндамачы болду

2020-жылдын 2-июнунда, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева онлайн режиминдеги иш-чарага катышып, ЭКОСОСтун Өнүктүрүү каржылоо форумунда "Коронавирустун туруктуу калыбына келтирилишин каржылоо" аттуу баяндамачы болду. Аталган иш-чара ЭКОСОСтун катчылыгы тарабынан Аддис-Абебанын Иш-аракеттеринин Күн тартибинин алкагында коронавирустук эпидемияга каршы туруунун конкреттүү финансылык чечимдерин талкуулоого көмөктөшүү максатында уюштурулуп, өзгөчө кырдаалдарда БУУга мүчө өлкөлөрдүн муктаждыктарына көңүл бурулган.

Иш-чарага БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешинин төрагасы - Норвегиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Мона Уул, БУУнун башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед, БУУнун башкы катчысынын экономика жана социалдык маселелер боюнча орун басары Лю Женьмин, Эл аралык валюта фондунун, Дүйнөлүк банктын, Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык операцияларды координациялоо бюросунун, Европа комиссиясынын, Африка өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жана БУУдагы өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрү катышышкан.

Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева 2020-жылдын 28-майында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун «Коронавирус доорунда жана андан кийинки өнүктүрүүнү каржылоо» аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун катышкандыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал Өз сөзүндө коронавирус эпидемиясын жана анын кесепеттерин жоюу үчүн БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын активдүү каржылык жана техникалык жардамын улантуу өтө маанилүү экендигин белгиледи. Натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн, бул иш-аракет тышкы карызды оптималдаштыруунун жана мыйзамсыз финансылык агымдарга каршы күрөшүүнүн жаңы механизмдерин киргизүү жана колдонуу менен карыздардын алсыздыгын кыскартуу менен коштолушу керектигин эскертти.        

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK