Кыргыз Республикасынын БУУ жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Аппаратынын башчысы Э.Амброси менен жолугушту

2021-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын БУУ жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Аппаратынын башчысы Э.Амброси менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев Кыргыз Республикасы менен ЭМУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин оң белгиледи. Туруктуу өкүл А.Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциясы, алардын социалдык жана укуктук корголушун камсыз кылуу маселелери Кыргызстан үчүн эң жогорку приоритеттердин бири экендигин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу Амброси мырзага аталган уюм аркылуу Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен ЭМУ ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Афганстан Ислам Республикасынын Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын бүгүнкү күндөгү абалына байланыштуу маселелерин, ошондой эле мигранттардын укуктарын коргоо жаатында өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Өз кезегинде ЭМУнун Аппаратынын Жетекчиси Э.Амброси ЭМУнун Кыргызстан менен кызматташтыгына канааттангандыгын билдирип, уюм өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргызстанга ар тараптуу техникалык, эксперттик жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү уланта берүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK