Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева ПРООНдун администратору Ахим Штайнер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

2021-жылынын 4-майында Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева ПРООНдун администратору Ахим Штайнер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы болуп өткөн окуялар жөнүндө маалымат берди.

Миргүл Молдоисаева жаңжалдын кесепетинен адамдар жапа чеккендигин, анын ичинде 36 адам каза болгонун, алардын көпчүлүгү карапайым эл жана балдар, 146 жаран жаракат алгандыгын, жаңжал чыккан аймактан 30 миңден ашуун адам эвакуацияланып, жер которууга аргасыз болушкандыгын, үйлөр өрттөлүп, инфраструктуралык жана социалдык объектилер кыйраганы жөнүндө белгиледи.

Мындан тышкары, ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын Өкмөтүнүн алдында биринчи кезекте талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүү, ошондой эле үйлөрүн убактылуу таштап кетүүгө аргасыз болгон жарандарды туруктуу жашаган жерлерине кайтаруу милдети тургандыгын белгиледи. Буга байланыштуу ал Баткен облусун калыбына келтирүү иштерине көмөктөшүүнү өтүндү.

ПРООНдун Администратору Ахим Штайнер курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бардык жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Ахим Штайнер ошондой эле тараптардын ок атышууну токтотуу жана маселени мындан ары саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүү боюнча макулдашуусун кубаттады. Мындан тышкары, Ахим Штайнер ПРООН өлкөнү өнүктүрүүгө жана элдин жашоосун жакшыртууга багытталган иш-аракеттерде Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берээрине ишендирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Баткен облусундагы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү процесси боюнча мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөргө БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, ПРООНдун Администраторунун орун басары Мирьяна Сполярич Эггер дагы катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK