Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин пресс-релизи

Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды Корея Республикасынан жана Вьетнамдан Кыргызстанга алып келүү максатында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жардамы менен T’Way авиакомпаниясынын чартердик рейси, Түштүк Кореянын «Kyrgyzstan Catering and Air Global» компаниясы тарабынан 2020 жылдын 24 июнунда уюштурулду. Ошондой эле аталган рейс менен гуманитардык жардам жеткирилди
Гуманитардык жардам 3000ден ашык медициналык беткаптан, ошондой эле 1700 ПЦР тестеринен турат. Алар “KICB” – нин мурунку Президенти Кван Янг Чой мырза, “Меридиан Голд” ЖЧКнын төрагасы Су Тэк Ли мырза жана «Wella Korea» компаниясынын Президенти Ли Сангки мырза тарабынан көрсөтүлгөн жардамдардын негизинде топтолгон.
Кыргыз тарап жогоруда аталган Корея Республикасындагы жарандарынын жана компанияларынын Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө берген жардамын жогору баалайт жана бул жардам Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын элдеринин ортосундагы салттык достуктун бекем далили экендигине терең ишенет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK