Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Д.Касейнов Элчи К.Өмүралиевди Нооруз майрамы менен куттуктады

2021-жылдын 23-мартында Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Д.Касейнов Элчи К.Өмүралиевди Нооруз майрамы менен куттуктады.

Башкы катчы Д.Касеинов Элчиликке болгон зыяратынын жүрүшүндө Элчи К.Өмүралиевге молчулуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн символу болгон жана жалпы түрк элдеринин маданиятын чагылдырган, ошондой эле буудайдын өнүп чыккан данектерин камтыган “Невруз Тепси” (Нооруз майрамына карата сый тамактар салынган табак) аттуу майрамдык белегин тапшырды. Ошондой эле Нооруз түрк дүйнөсүнүн жалгыз биргелешкен майрамы экендигин белгиледи.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы Д.Касейнов уюмдун учурдагы иши жөнүндө, ошондой эле 2021-жылга пландаштырылган Кыргыз Республикасы менен биргелешкен долбоорлор жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Элчи К.Өмүралиев ТҮРКСОЙдун Башчысы Д.Касейновду куттуктап, Нооруз биздин элдердин байыркы жана ыйык майрамдарынын бири экендигин белгиледи. Ошол эле учурда, пландаштырылган биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылат деген үмүтүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK