Тегеран шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-иран Өкмөттөр аралык Комиссиянын 12-отуруму болуп ѳттү

2019-жылдын  3-4-декабрында Тегеран шаарында  Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-иран Өкмөттөр аралык Комиссиянын 12-отуруму болуп ѳттү.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз- иран Өкмөттөр аралык  Комиссиянын 12-отуруму  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри  Жанат Бейшенов  жана Иран Ислам Республикасынын жол жана шаар  өнүктүрүү министри Мохаммад Эсламилердин тең төрөгалыктарында ѳткѳрүлдү.

Аталган иш чаранын алкагында Өкмөттөр аралык  Комиссиянын 12-отурумунун кыргыз тарабынын тең төрагасы  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри  Ж. Бейшеновдун   Иран Ислам Республикасынын жол жана шаар  өнүктүрүү министри  М.Эслами менен,  Кыргыз Республикасынын экономика министри  С.Муканбетовдун   Иран Ислам Республикасынын экономика жана каржы министри  Ф.Жеспасанд    жана Иран Ислам Республикасынын  Өнөр жай жана соода министри  Р.Рахмани  мырзалар менен  эки тараптуу жоолугушуулары болуп өттү.

Өкмөттөр аралык  Комиссиянын 12- отурумунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри  Ж. Бейшенов менен   Кыргыз Республикасынын экономика министри  С.Муканбетовдун     Иран Ислам Республикасынын  Биринчи Вице президенти Эсхак Джахангири менен  жоолугушусу уюштурулду.  

Иш чаранын  жыйынтыгында  транспорт жана байланыш, соода жана инвестиция, өнөр жай, айыл-чарба, региондор аралык кызматташуу, билим берүү жана илим, маданият, маалымат жана туризм, спорт  ж.б. тармактардагы   кызматташуу тууралуу Протоколуна кол коюлду.

Эки тарап кезектеги Соода-экономикалык кызматташуу боюнча  кыргыз-иран  Өкмөттөр аралык Комиссиянын 13-отурумун Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK