БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун 43-конференциясы Римде ишин баштады

2023-жылдын 1-июлунда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) 43-конференциясы Римде ишин баштады, ал 7-июлга чейин уланат. Конференциянын ишине Кыргызстандан ФАОнун туруктуу өкүлү Таалай Базарбаев катышууда.

2-июлда ФАОнун штаб-квартирасында ФАОнун Башкы директоруна добуш берүү болду. Бул кызматка бир гана талапкер болгон, Кытайдан азыркы башкы директор Цюй Дюнъюй. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Уюмга мүчө 168 мамлекеттин колдоосуна ээ болгон Цю Донгю 2027-жылдын 31-июлуна чейин жаңы 4 жылдык мөөнөткө ФАОнун башкы директору болуп кайра шайланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK