Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев «Берлин энергетикалык өткөөл диалогу» эл аралык конференциясына катышууда

2023-жылдын 28-29-мартында Берлинде «Берлин энергетикалык өткөөл диалогу» («BETD-2023» Берлин энергетикалык өткөөл диалогу) эл аралык конференциясы өтүүдө.

Конференцияга 60тан ашык өлкөнүн энергетика министрлери, тышкы иштер министрлери, ошондой эле ар кандай уюмдар жана эксперттер катышууда. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинен КРдин Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

28-мартта Германиянын тышкы иштер боюнча федералдык министри Анналена Барбоктун жана Кениянын Президенти Уильям Рутонун катышуусунда конференциянын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Германиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы өз сөзүндө климаттык кризис менен күрөшүү жана экономикалык өнүгүү үчүн зарыл болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарына массалык түрдө өтүү зарылдыгын белгиледи.

Конференцияда энергетика маселелери боюнча панелдик талкуулар да өтүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK