Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирел менен жолугушту

2023-жылдын 24-январында  Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирел менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Этимесгут жана Нарын боордош шаарларынын делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштурууну талкуулашты.

Элчи Руслан Казакбаев Этимесгуттун башчысы Энвер Демирелдин түрк элдеринин бир тууган ынтымагын чыңдоодогу өзгөчө эмгегин белгиледи. Ошондой эле ар кандай социалдык-маданий долбоорлорду ишке ашырууда, айрыкча боордош Нарын шаарына бала бакча курууда, Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарына эстеликтерди орнотуу менен алардын элесин түбөлүккө калтырууда, өлкөнүн маданиятын жана тарыхын даңазалоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын аймактар аралык мамилелерин активдүү өнүктүрүүнү улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK