Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Эринес Оторбаев Виттенберг шаарына иш- сапары менен барды

2019-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы  Элчиси Эринес Оторбаев Саксония-Анхальт федералдык округунда жайгашкан Виттенберг шаарына иш- сапары менен барды.

Виттенберг шаарынан Мэри Торстен Цугехер мырза менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгү жана келечеги талкууланды, анын ичинде шаарлар ортосундагы кызматташтыкты түзүү маселеси каралды.

Сапардын алкагында Элчи Э.Оторбаев ар кандай тармактарда пайдалануучу түрдүү кубаттуулуктагы электр батараяларды чыгарган «Tesvolt» компаниясына, Германияда алдыңкылардан болгон Кардиологиялык бейтапканага жана айыл чарба коперативине барды.

Тажрыйба менен алмашуу, кыргызстандык адистердин практикасын уюштуруу жана биздин өлкө менен өнөктөштүктү түзүү боюнча кызматташтыктын багыттары талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK