Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары жана Tүркиянын мурдагы Премьер-министри, парламентинин төрагасы Биналы Йылдырым менен жолугушту

2021-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары жана Tүркиянын мурдагы Премьер-министри, парламентинин төрагасы Биналы Йылдырым менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын июнь айындагы Түркияга болгон расмий сапары учурунда жана ноябрь айында Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммитинде Президент Режеп Эрдоган менен макулдашылган Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун (инвестиция) түзүү жана биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Кыскача маалымат: Бинали Йылдырым 1955-жылы төрөлгөн. Түркиянын саясий жана мамлекеттик ишмери. 2005-2015-жылдары Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри болуп иштеген. 2016-2018-жылдары  Түркия Республикасынын Премьер-министри, 2018-2019-жылдары Түркия парламентинин төрагасы болгон. Учурда парламентте Измир аймагынан шайланган депутат, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары, Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин башчысы.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK