КРдин Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев Бахрейн Королдугунун КРдеги жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Шайхонун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2023-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Бахрейн Королдугунун Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (айкалыштыруу боюнча) Мохаммед Гассан Аднан Шайхонун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

А.Артыкбаев М.Шайхону жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага кыргыз-бахрейн мамилелеринин өнүгүшүнө ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасы Бахрейн Королдугу менен өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар саясий диалогду чыңдоо, ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияны жана Ишкерлер кеңешин түзүү аркылуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

М.Шайхо жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK