КРдин Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистандын КРдагы Элчиси Хасан Али Зайгам мырзанын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2023-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгам мырзанын Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрдин орун басары А.Имангазиев дипломатиялык миссиянын башчысын кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташуунун ар тараптуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, эки тараптуу саясий жана соода-экономикалык кызматташтыктын деңгээлин көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ушуга байланыштуу, тараптар мамлекеттер аралык эң жогорку жана жогорку деңгээлде визиттерди быйыл өткөрүү, ошондой эле соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин улантуу зарылдыгы белгиленди.

Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташтыкты, ошондой эле жана парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү контекстинде текстиль жана фармацевтика тармагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча да пикир алмашуу орун алды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK