Кыргызстандын Австриядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү

2021-жылдын 22-сентябрында Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, чет мамлекеттердин элчилери жана Венадагы эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлдөрү, коомдук-саясий активисттер, бизнес чөйрөлөрүнүн жана Кыргызстандын досторунун өкүлдөрү, ошондой эле Венадагы кыргыз диаспора уюмдун лидерлери Вена Дипломатиялык Академиясынын (1754 ж.) тарыхый залында өткөн салтанаттуу иш-чарага чакырылган.

Кыргыз тараптан ардактуу конок МАГАТЭнин 65-Башкы конференциясына катышып жүргөн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Э.Ажикеев болду.

Элчи Толенды Макеев куттуктоо сөзүндө конокторго Кыргызстандын учурдагы саясий жана социалдык-экономикалык абалы, Австрия менен эки тараптуу мамилелердин негизги пункттары жана Венадагы эл аралык уюмдар менен кызматташуу тууралуу маалымат берди.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын федералдык Каринтия штатындагы (Австрия) Ардактуу консулу Кристин Муттонен сөз сүйлөдү.

Катышуучуларга элчиликтин кызматкерлеринин балдарынын кыргыз жана немис тилдеринде аткарган ырлары менен концерт тартууланды. Жаш артисттердин, ошондой эле Венадагы кыргыз диаспорасынын өкүлүнүн комузда аткаруусу кеченин конокторунун шыктануусу жана кол чабуусу менен кабыл алынды.

Чакырылгандар улуттук кыргыз ашканасынын даамдарынан ооз тийишти, салтанаттуу датага арналган фотокөргөзмөнү көрүштү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык потенциалы тууралуу таратма материалдарды алышты.

Расмий кабыл алуу Кыргызстандын кайталангыс жаратылыш кооздугун чагылдырган видео жана фото слайддарды көрсөтүү менен коштолду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK