Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара уюштурду

2021-жылдын 30-августунда Исламабад шаарындагы Бахрия университетинде Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара уюштурду.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев эл аралык мамилелер факультетинин жогорку курсунун студенттерине, Бахрия университетинин профессордук курамына, Глобалдык жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперттерине "Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгы: тарыхый тажрыйба жана келечек. Кыргыз-Пакистан эки тараптуу мамилелеринин аспектилери" темада кеңири лекция өткөрдү.

Элчи У.Тотуяев өзүнүн сөзүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү, тарыхы жана калыптануу этаптары жөнүндө айтып, кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан салттарын жана үрп-адаттарын белгиледи. Элчи өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн негизги жетишкендиктерин баса белгилеп, Кыргыз-Пакистан кызматташтыгын мындан ары активдештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмесин да белгилеп, ошондой эле катышуучуларга Кыргызстандын кеңири экономикалык, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Элчинин сөзүнөн кийин, иш-чарага катышкандарга Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык потенциалы тууралуу видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата университеттин жетекчилиги жана студенттердин катышуусунда сүрөт көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болду.

Иш-чара салтанаттуу кырдаалда өтүп, көптөгөн коноктордун көңүлүн бурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK