Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилиги (Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен) Канаданын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Евразия департаментинин директору А.Грант менен телефон аркылуу сүйлөштү

2020-жылдын 22-октябрында, Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилиги (Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен) Канаданын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Евразия департаментинин директору А.Грант менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө канадалык тарапка Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуялар жөнүндө маалымат берилди жана Канада тараптан жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

А.Грант, канадалык тарап Кыргыз Республикасындагы окуялардын өнүгүшүн кылдаттык менен байкап жаткандыгын белгилеп, саясий стабилдүүлүккө эртерээк жетишүүнү каалайт деп билдирди. Ошондой эле Канада Кыргыз Республикасына өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде колдоо көрсөтөт деп ишендирди.

Элчилик канадалык тарапка коронавирус эпидемиясына каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул багытта биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK