Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү менен бирге «Маданияттар аралык диалогтун узун түндѳрү» аттуу иш-чарага катышты

2019-жылдын 2-5-6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү менен бирге, Маданий ар түрдүүлүк эл аралык уюму (ICDO) тарабынан уюштурулган «Маданияттар аралык диалогунун узун түндѳрү» аттуу иш-чарага катышты. Аталган долбоордун негизги максаты, маданияттардын ортосундагы айырмачылык, адамдардын теңдиги идеяларын илгерилетүү, мультикультурализмди жана ар түрдүүлүктүн коомдо өз ара аракеттенүүсүнүн факторун күчөтө турган бардык формаларын колдоо болуп саналат. Аземге 25тен ашуун ѳлкѳнүн ѳкүлдѳрү катышып, ар элдин улуттук музыкасын, тамак-ашын, искусствосун, кийимдерин, бийлерин кѳрүшүп, талкуулашты. Кыргызстан улуттук аспабы «Комузду» кѳрсѳтүп, ар түрдүү улуттук баалуулуктардын сакталышынын маанилүүлүгүн да белгилеп, ошону менен бирге эл аралык маданияттын бири-бирине кѳрсѳткѳн таасирин жана колдоосун кѳрсѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK