КРдин Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУ БКБнын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Ашита Митталды кабыл алды

2023-жылдын 1-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Ашита Митталды кабыл алды.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУ БКБнын ортосундагы мыйзамдуулукту бекемдөө, баңги кылмыштуулукка, коррупцияга жана киберкылмыштуулукка каршы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнө оң баа берип, Кыргызстан БУУ БКБ менен долбоордук жана программалык кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.

Тараптар БУУнун БКБнын ишке ашырылып жаткан мандатынын алкагында долбоорлорду илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти улантуу жана БУУнун БКБ жетекчилигинин Кыргызстанга расмий сапарын уюштуруу боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK