Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Минск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 14-октябрында Минск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы иштер органдарынын жетекчилери актуалдуу эл аралык жана регионалдык көйгөйлөр, ошондой эле Шериктештиктин алкагында ар кандай чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашышты. Быйыл белгиленип жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 30 жылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Р.Казакбаев өз сөзүндө 30 жылдык мезгил ичинде Шериктештик катышуучу мамлекеттердин социалдык-экономикалык, маданий жана гуманитардык жашоосун өнүктүрүүдө олуттуу из калтырганын жана бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча конструктивдүү көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү сактап келгендигин белгиледи.

Р.Казакбаев Шериктештиктин уюштуруу документтеринде, атап айтканда 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө келишимде жана 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясында белгиленген максаттар жана принциптер бүгүнкү күндө да актуалдуу бойдон кала берерин баса белгиледи. Бул айрыкча мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги принциптерине тиешелүү.

Мындан тышкары, министр Р.Казакбаев КМШ алкагында кызматташуу боюнча бир катар сунуштарды, ошондой эле БУУнун жана ЮНЕСКОнун алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди айтты.

Министр КМШ алкагында экономиканы диверсификациялоо, өз ара соода-сатыкты стимулдоо, КМШ жана Евразия экономикалык биримдигинин ченемдерин жана стандарттарын шайкеш келтирүү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылына тоскоолдуктарды жоюу, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн чарбалык субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча биргелешкен иштерди мындан ары активдештирүүгө Кыргыз Республикасы кызыкдар экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тышкы иштер министрлери КМШнын алкагында 2022-жылга карата тышкы иштер министрликтер аралык көп деңгээлдүү консультациялардын планын, ошондой эле КМШнын алкагында түзүлгөн эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча усулдук сунуштардын жаңы редакциясын жактырышты.

Ошондой эле, тышкы иштер органдарынын жетекчилери КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жана өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы отурумдарында бекитүүгө бериле турган бир катар документтерди жактырышты.

Атап айтканда, Шериктештиктин 30 жылдыгына карата, биологиялык коопсуздук жаатында кызматташуу, миграция жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү, жарандардын шайлоо укуктарын коргоо жана КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо суверендүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө КМШ мамлекет башчыларынын билдирүүлөрүнүн долбоорлору, КМШга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору, ошондой эле Шериктештиктин алкагында маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтер жактырылды.

Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин биологиялык жана токсиндүү куралдарга тыюу салуу боюнча Конвенцияны күчөтүү боюнча Биргелешкен билдирүүсү, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы күрөшүү проблемаларын жана экстремизмдин башка көрүнүштөрүн изилдөө боюнча базалык уюму жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK