Малайзиянын Тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча 2023-жылдын 2-июлунда Малайзиянын Тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

Ошондой эле расмий сапардын алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министерлерин сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиев жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаров менен жолугушуулар пландаштырылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK