Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабиянын Межлис Аш-Шурасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири башында турган Сауд Арабиянын парламенттик делегациясын кабыл алды

2022-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабиянын Межлис Аш-Шурасынын (Парламентинин) Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы жана ошол эле учурда Сауд Аравия-Кыргызстан Парламенттик достук тобунун жетекчиси Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири башында турган Сауд Арабиянын парламенттик делегациясын кабыл алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелерин өнүктүрүү маселелерин жана парламенттер аралык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүүгө жана туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошо турган түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Министр Ж. Кулубаев парламенттер аралык түз байланыштар жана өз ара иш сапарлар бир тууган эки өлкөнүн парламенттеринин кызматташтыгын бекемдөөгө гана өбөлгө түзбөстөн, эки өлкөнүн бир тууган элдеринин ортосундагы достук көпүрөсү боло аларын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнү кызыктырган бардык багыттар боюнча кыргыз-сауд байланыштарын бекемдөөгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Жолугушууга ошондой эле САПдын Межлис Аш-Шурасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөлөрү жана САПдын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Аль-Ради катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK