Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган Оливье Бангертерди кабыл алды

2021-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган Оливье Бангертерди кабыл алды.

Министр Р.Казакбаев О.Бангертерди бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар алдыдагы эки тараптуу иш-чаралар боюнча маселелерди талкуулашты, анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө көңүл бурушту. Өнөктөштөр 2022-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун Жаңы стратегиясын өзүнчө талкуулашты. Министр Р.Казакбаев Стратегияга санариптештирүү, экология маселеси, региондорду жана агрардык секторду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду киргизүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-швейцар мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Швейцария Өкмөтүнө экономикалык жана техникалык жардам, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирилди.

Жолугушуунун аягында министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө даярдыгын билдирди жана элчини Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK