КРнын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын ишине катышуунун алкагында ЭКККнын Президенти Питер Маурер менен жолугушту

2022-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын ишине катышуунун алкагында Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) Президенти Питер Маурер менен жолугушту.

Министр Ж.Кулубаев ЭКККнын Президентине үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынын натыйжасында түзүлгѳн кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Министр Кыргыз Республикасы кырдаалды мындан ары курчутпоону жактаарын жана эки ѳлкѳнүни ортосундагы талаш маселелерди саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарыл деген позицияны дайым карманаарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Ж.Кулубаев билдиргендей, учурда Кыргызстандын алдында кыйраган инфраструктураны жана социалдык объектилерди, турак жайларды толук калыбына келтирүү, ошондой эле жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү биринчи кезектеги милдет турат.

Ушуга байланыштуу ал ЭКККнын Кыргыз Республикасындагы миссиясы тарабынан өлкөгө өз убагында көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK