КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку Деңгээлдеги Сегментине катышып сөз сүйлөйт

2023-жылдын 1-2-мартында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине (БУУАУК) Кыргыз Республикасынын мүчөлүгүнүн башталышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку Деңгээлдеги Сегментине катышып сөз сүйлөйт.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши дүйнө жүзү боюнча адам укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн түзүлгөн БУУ системасынын эң абройлуу өкмөттөр аралык органдарынын бири болуп саналат. 52-сессиянын күн тартибинде адам укуктарын сактоо жана коргоо, анын ичинде жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды камсыз кылуу боюнча эң актуалдуу маселелер бар.

Иш-чарага БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк, 150дөн ашуун өлкөнүн мамлекет, өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлеринин жана жогорку өкүлдөрүнүн катышуусу пландалууда.

Муну менен катар иш сапардын алкагында министр Ж.Кулубаевдин Женевадагы эл аралык уюмдардын (ДСУ, ЭМУ, ЭСБ, БУУСӨК ж.б.) жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларын өткөрүү пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK