Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Кыргызстандын мыйзамдык базасын ЕККУнун атайын өкүлү жогору баалады

2023-жылдын 15-17-февралында ЕККУнун Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Атайын өкүлү Валиант Ричинин (Valiant Richey) Кыргыз Республикасына сапары болду.

Сапардын жүрүшүндө В.Ричи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.Азыгалиев, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Базарбаев, ошондой эле КР ИИМ, КР Башкы прокуратура жана КР Жогорку сотунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Кыргызстандын комплекстүү укуктук жана саясий базасы, анын ичинде, адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча өзүнчө мыйзам, аймактык координациялык кеңештер жана парламенттин алдында түзүлгөн улуттук баяндамачы бар экендигин жогору баалап, Атайын өкүл ошондой эле жакшы тажрыйбанын башка мисалдарын, анын ичинде, Жогорку Кеңештин миграция боюнча Кеңешинин алдында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча жакында улуттук баяндамачынын негизделгенин, адамдарды сатууга каршы күрөшүү иштери боюнча соттук практиканы өркүндөтүүдө аял-судьялар Ассоциациясынын активдүү ролун жана бүткүл өлкө боюнча адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө жарандык коомдун активдүү аракеттерин белгиледи.

ЕККУнун Атайын өкүлүнүн КРга сапары Туруктуу өкүлчүлүктүн, КР Тышкы иштер министрлигинин жана ЕККУнун Катчылыгынын ортосундагы тыгыз координация аркылуу ишке ашырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK