Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Коопсуздук Кенешинин Ария форматындагы «Европада Экинчи дуйнөлук согуштун аякташына 75 жыл» боюнча виртуалдык отурумуна катышты

2020-жылдын 8-майында БУУнун Коопсуздук Кенешинин Ария форматындагы «Европада Экинчи дуйнөлук согуштун аякташына 75 жыл»боюнча виртуалдык отурум өттү. Отурумга БУУнун 60тан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева катышты.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү, быйыл эл аралык коомчулук дүйнөнүн элдери үчүн ХХ кылымдын эң чоң трагедиясы болгон Экинчи Дүйнөлүк Согуштун бутконуно жетимиш беш жыл мааракеси белгиленип жаткандыгын баса белгиледи. Советтер Союзунун анын ичинде Кыргызстандын миллиондогон жарандары, адамзаттын жана дүйнөлүк цивилизациянын келечегин сактоо үчүн, өз өмүрлорун  беришкен, жана биздин милдетибиз - адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу согуш жөнүндө, чындыкты кылдаттык менен сактоо жана укумдан-тукумга өткөрүп берүү.

Ушуга байланыштуу, Миргүл Молдоисаева, эл аралык коомчулук тарыхый чындыкты сактоо жана бекем коргоо, ошондой эле нацизм идеологиясын жандантуу аракеттерине каршы биримдик керектигин белгиледи.

М. Молдоисаева, Кыргыз Республикасы, Бириккен Улуттар Уюмунун - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу, мүчө мамлекеттердин ортосунда тең укуктуу диалогду илгерилетүү боюнча жалгыз универсалдуу эл аралык уюмдун маанилүү ролун, толугу менен колдой тургандыгы белгиленди. Эл аралык коомчулук үчүн ушул оор мезгилде, Кыргыз Республикасы, БУУнун, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, өнүгүү маселелерин чечүүдө кызматташуу, жакырчылыкты кыскартуу, адам укуктарын урматтоо, айлана-чөйрөнү коргоо, илдеттерге, анын ичинде COVID-19 глобалдык пандемияга каршы күрөшүү, маселелерин чечүүдө, маанилүү ролун толугу менен колдойт.

М. Молдоисаева ошондой эле, эл аралык чыр-чатактарды эл аралык укукка, Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарына жана принциптерине ылайык, тынчтык жолу менен чечүү - азыркы жана келечек муундарды жаңы согуштардын курчоосунан коргоонун бирден-бир жолу экендиги белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK