КРнын компанияларынын Японияга болгон инвестициялык-соода миссиясы болуп өттү

2020-жылдын 14-февралында Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги (КР ИИКА), Япониянын Россия жана жаңы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү ассоциациясы (РОТОБО), КРнын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия боюнча департаменти жана Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин көмөгү менен КРнын компанияларынын Японияга болгон инвестициялык-соода миссиясы болуп өттү.

Иш-чарага япон тарабынан өкмөттүк уюмдар жана жеке компаниялардын болжол менен 70тен ашык өкүлүдөрү катышты, ал эми кыргыз тарабынан – 10дон ашуун кыргыз компаниялары жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Япониянын кызыктар мамлектеттик мекемелери жана бизнес-чөйрөлөрүнү үчүн:

  • ИИКА жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндама жасалды;
  • КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалымат-консультациялык борбору тарабынан-жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу тартиби жана КРнын колдонуудагы мыйзамдары жөнүндө презентациялоо;
  • Анда кыргыз компанияларынын жана бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катары өзүнчө тематикалык/тармактык презентацияларды жана япониянын ишкерлер-чөйрөсү менен эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салуу боюнча снуштарын беришти.

         Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө бизнес-матчинг өткөрүү жана түздөн-түз байланыштарды түзүү үчүн убакыт бөлүндү, анын жүрүшүндө тараптар конкреттүү долбоорлорду жана өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуу маселелерин талкуулашкты.

         Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкүдөй тыянактар чыгарылып, макулдашуулар жетишилди:

  • КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы МКБ менен «Relationship Inc.» япон компаниясынын ортосунда эмгек миграция чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду;
  • Кыргыз-Япон кызматташуусунун келечектүү багыттары катары IT-технологиялар, электрондук соода, айыл-чарба жана адам ресурстары тармактары аныкталды;
  • КРнын ТИМдин Экономикалык дипломатия департаменти жана КРнын Япониядагы эличилиги ортосунда а) Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм Министрлигин Кыргыз Республикасына келүү жана ушундай эле Кыргыз Республикасындагы япон иш-чөйрөлөрүнүн миссиясын уюштуруу; б) 2020-жылынын март-апрель айларында Кыргыз Республикасына «РОТОБО» ассоциациясы тарабынан IT-секторунда жана персоналды жалдоо тармагында иштеп жаткан Япон компанияларынын сапарларын / бизнес-миссияларын уюштуруу боюнча келишимдер макулдашылды;
  • Япон тараптан форумга катышуучулар тарабынан Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун дарамети кенен багыттары боюнча сүйлөшүүлөрүн улантуу максатында жакынкы арада Кыргыз Республикасына иш-сапары менен келүүгө кызыкдар экениндигин билдиришти.

Иш-чаранын жыйынтыктап жатып, тараптар тармактык / сектордук багыттарды иштеп чыгууга басым жасоо менен ушул сыяктуу миссияларды жана ишчараларды Кыргызстанда жана Японияда өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK