Эл аралык тоо күнүнө карата БУУнун штаб-квартирасында “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

2022-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Туруктуу Өкүлчүлүгү Эл аралык тоолор күнүнө карата БУУнун штаб-квартирасында “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн бет ачаарын өткөрдү. Сүрөт көргөзмө ушул жылдын 23-декабрына чейин өткөрүлмөкчү.

Белгилей кетсек, Эл аралык тоо күнү 2002-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 57-сессиясынын Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Эл аралык тоо жылынын жыйынтыгына арналган резолюциясы менен жарыяланган. Эл аралык тоо күнү 2003-жылдан бери жыл сайын 11-декабрда белгиленип келет.

Резолюцияда БУУнун Башкы Ассамблеясы дүйнө коомчулугун бул күнү жер шаарынын тоолуу аймактарын өнүктүрүү көйгөйлөрүнө жана алардын калкына жардам көрсөтүү зарылдыгына көңүл буруу максатында бардык деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууга чакырган. Мындан тышкары, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын өзгөчө актуалдуулугун белгилеген.

Маалымдама катарын: 1998-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү боюнча 12 резолюция кабыл алган. Бул тизмедеги эң акыркысы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо болуп эсептелет. Учурдагы 77-сессиянын жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2023-2027-жж. “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялоо боюнча демилгесин илгерилетүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK