Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев ТРнын Президентинин алдындагы Диний иштер боюнча Башкармалыгынын Төрагасы профессор Али Эрбаш менен жолугушту

2019-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев ТРнын Президентинин алдындагы Диний иштер боюнча Башкармалыгынын Төрагасы профессор Али Эрбаш менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн дин жана диний билим берүү маселелери боюнча кызматташуусун талкуулашты, тагыраак айтканда Элчи Омуралиев КРнын Ыйман фондуна бөлүп берилген 5 млн. АКШ долл. өлчөмүндөгү түрк гранты 2015-2019-жылдары имамдарды окутууга, алардын билим жана потенциалын көтөрүүгө, стипендияларды берүүгө, InsanKG аттуу маалыматтык порталды түзүүгө ж.б. багытталганын белгиледи.

Ошондой эле К.Омуралиев Ыйман фондунун 2019-2022-жылдарга карата Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо, чет өлкөлөрдөгү КРнын жараны болгон студенттерди билим жана материалдык жагынан колдоо боюнча көздөлгөн долбоорлор жөнүндө маалымат берди жана Ыйман фондуна түрк грантынын 5 млн. АКШ долл. өлчөмүндөгү экинчи траншын бөлүп берүү маселесин көтөрдү. А:Эрбаш бул маселе ТРнын Тышкы иштер министрлиги менен боло турган консультациялардан жана ТРнын Президенти бекиткенден кийин чечилээрин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK