Лахор шаарына болгон иш-сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Эрик Бейшембиев джинсаларды жана килемдерди чыгарган ” Lahore Apparel” and “Lahore Carpet” компаниялардын жетекчилери менен жолугушту
2021-жылдын 26-февралында Лахор шаарына болгон иш-сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Эрик Бейшембиев джинсаларды жана килемдерди чыгарган ” Lahore Apparel” and “Lahore Carpet” компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө жана кенейтүү зарылдыгын, ошондой эле кыргыз жана пакистандык жекеишкерлердин ортосундагы түздөн-түз бизнес байланыштарды түзүү зарылчылыгын белгилешти жана жетекчилердин Кыргызстанга жакында келиши мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Элчи Э.Бейшембиев компаниялардын заводдорунда болуп, анда технологиялар жана өндүрүш кубаттуулуктары менен таанышты.